Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Таабалды Жоробеков атындагы №95 орто мектеби (мындан ары-мектеп) 1997-жылы алгач элдик ашар жолу менен Кара – Тарык башталгыч класс мектеби болуп түзүлгөн. 2005-жылы сентябрь айында мектеп Кара – Тарык толук эмес мектеп болуп өзгөргөн. 2011-жылы түрткү берүүчү гранттан 1 млн 785миң сомдук проектин негизинде мектептин пайдубалы башталып, 2012-жылы 21-октябрда пайдаланууга берилген. 2012 -жылы мектепке ардагер мугалим Таабалды Жоробековдун ысымы ыйгарылып, мектеп орто жалпы билим берүү мектеби болуп түзүлгөн.

Таабалды Жоробеков атындагы №95 орто мектеби Кыргыз Республикасынын юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү № 0044687 күбөлүгүнүн негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө . Алгачкы мамлекеттик каттоодон 15.08.2005-жылы өткөн. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Юстиция башкармалыгынан 2011-жылдын 21 – ноябрында кайрадан катталган.

Негизги нормативдик документтери: Мектептин Уставы Кыргыз республикасынын Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан 2011-жылы 21 – ноябрында каттоодон өткөн. Баштапкы,негизги жана жалпы орто билим берүүгө укуктуу.

Мектеп — типтүү , окутуу формасы — күндүзгү, окутуу тили-кыргыз тилинде базистик окуу планынын негизинде жүргүзүлөт. Мектептин проектилик кубаттуулугу 150 балага эсептелинген, учурда 201 окуучу билим алып жатат.

Мектептин педагогикалык кеңешинин 2020-жылдын 23-июнундагы чечиминин негизинде мектептин директорунун 2020-жылдын 23-июнундагы №15 буйругу менен төмөндөгүдөй миссия кабыл алынды: “Окуучуларга татыктуу билим берүү менен мекенчилдикке жана адептүүлүккө тарбиялоо”

Мектеп алгачкы жолу программалык аккредитациялоодон Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 15октябрындагы №1284/1 буйругунун негизинде өткөн. Ал эми институционалдык аккредитациялоодон биринчи жолу өтүүдө.

Мектеп мамлекеттик билим берүү уюму болгондуктан “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык билим берүү ишин лицензиясыз жүргүзөт.

Билим берүү мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,Ош облусу, Өзгөн району, Жалпак – Таш айыл өкмөтү , Кара – Тарык айылы.

 

Эмблема

 

 

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

 усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета