Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!

  1. МЕКТЕПКЕ КАБЫЛ АЛУУ 2024

    МЕКТЕПКЕ КАБЫЛ АЛУУ 2024

    1-класска электрондук каттоо        //         Мектепке каттоого өтүнмө берүү

    2024-2025 – окуу жылына 1-класстын балдарын электрондук каттоонун тартиби жөнүндө маалымат.

    2023-2024 — окуу жылына балдарды биринчи класска электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында төмөнкү графикке ылайык жүргүзүлөт:

    • Биринчи этап —жашаган жердин юридикалык дарек боюнча (туруктуу каттоо боюнча) 2024-жылдын  8-апрелинен (9.00) 2-июнга чейин;
    • Экинчи этап — жашаган жери боюнча (каттоого карабастан) – 2024-жылдын 3-июнунан (9.00) 31-августка чейин.

    Арыз берген ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтери (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН) болбосо, баланы мектепке каттоого мүмкүн эмес!

     2024-жылдын 8-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:

    — паспорт;

    — баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

    — жеке идентификациялык номер (ЖИН/ПИН — ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 сандан турган идентификациялык номер. Ал жок болгон учурда жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КТБ/ЦОН) кайрылуу керек.

    — Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.

    Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:

    — үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча аскер кызматчыларынын балдары;

    — тиешелүү күбөлүк көрсөткөндө Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;

    — үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектептердин мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары.

    2024-жылдын 8-апрелине чейин аскер кызматкерлери, кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар, мугалимдер жана мектеп кызматкерлери баланы мектепке каттоо учурга карата жогоруда аталган документтерге кошумча иштеген жеринен маалымкат (справка) даярдашы керек.

    Ата — эне/мыйзамдуу өкүл баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1 — августунан баштап 10-сентябрынан кечиктирбестен мектепке төмөнкү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү:

    — мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

    — баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери — нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;

    — ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

    — алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы  (белгиленген формалар);

    — баланын 3х4 см өлчөмүндөгү сүрөтү.

    1 — августан баштап 10-сентябрга чейин мектепке тастыктоочу документтерди алып барбаган учурда бала 1-класска кабыл алынбайт!

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета